Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион метр кубду түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион метр кубду түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 миллиард кубга аз.

 

“Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө резервуарга секундасына 310 кубометр суу агып кирсе, дал ошончо өлчөмдө кайра агып чыгууда.

 

Суунун аз болушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет. Андам улам быйыл бийлик энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизди.