Конституциялык кеңешменин курамы кеңейтилди

Конституциялык кеңешменин ишине катышууну каалагандар көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана Конституциялык реформаны ишке ашырууда бардык тараптын пикирин эске алуу максатында анын курамы өзгөртүлүп, кеңейтилди. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду. Канат Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылды.

 

  1. Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  2. Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  3. Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
  4. Толекан Исмаилова — «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;
  5. Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;
  6. Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  7. Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  8. Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
  9. Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  10. Таалайбек Шамурзаев — Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.