Диего Марадонанын урматына «Сан-Паоло» стадиону оюн болбосо дагы күйгүзүлдү

Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири, аргентиналык футболчу Диего Марадонанын урматына Италиянын «Наполи» футболдук клубунун «Сан-Паоло» аттуу стадиону оюн болбосо дагы күйгүзүлдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, 55 миң киши бата турган «Сан-Паоло» стадиону 26-ноябрга караган түнү түнү менен күйүп турган. Мындан тышкары, Аргентинанын эң күчтүү делинген «Бока Хуниорс» футболдук клубунун 54 миң киши бата турган «Бомбонера» стадионунун Диего Марадона отуруп футбол көргөн VIP бөлмөсү түнү менен күйгүзүлгөн.

Диего Марадона кечээ, 25-ноябрда Буэнос-Айрес шаарындагы үйүндө кокусунан жүрөгү токтоп калып каза болгон.