Октябрдагы башаламандыкта “Ак үйгө” келтирилген чыгымды ведомство аралык комиссия иликтейт

Октябрдагы башаламандыкта “Ак үйгө” келтирилген чыгымды ведомство аралык комиссия иликтейт.

Мындай чечим Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Имараттын айрым жерлеринде

жасалгалоо жумуштарын жүргүзүү керек болсо, бир бөлүгү капиталдык ремонтко муктаж.

Учурда калыбына келтирүү иштерине каражат бөлүү маселеси каралып жатат.

Эске салсак, 6-октябрдагы башаламандыктын жүрүшүндө митингге чыккандар

“Ак үйдү” басып алышкан, имаратта өрт чыккан.