Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 миллион жолу жүктөлдү

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 миллион жолу жүктөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, бул анын Кыргызстандын жарандары арасында актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экенин тастыктайт.

 

“Түндүк” мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.