Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы ФАП ачылды

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы ФАП ачылды. Мэриядан билдиришкендей, медициналык мекеменин жалпы аянты 200 чарчы метрди түзүп, ал заманбап жабдуулар жана керектүү эмеректер менен камсыздалды.

 

ФАПта жергиликтүү тургундарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруларды алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт.