Өлкөнүн бардык аймактарында 257 көчмө медициналык топтор иштеп жатат

Өлкөнүн бардык аймактарында 257 көчмө медициналык топтор иштеп жатат.

Коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов

билдиргендей, бригадалардын курамына үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери жана

эпидемиологдор кирди. Аталган кызматкерлер жарандарды текшерүү иштерин жүргүзүшөт.

Мындан тышкары 200гө жакын медицина кызматкерлери өз ыктыяры менен бригадага

кошулуп жардам көрсөтөөрүн билдиришти. Аларды аймактарга жиберүү

тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деди Мамбетов.