Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 14 жаңы учур катталды

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 14 жаңы учур катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Аскарова билдирет.

Вирус аныкталган жарандар Ош жана Жалал-Абад облустарынан.

Бейтаптардын 5өө Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер,

9у мурда вирус катталгандар менен байланышта болгондор.

Муну менен республика боюнча 58 адам коронавируска чалдыкты.

Учурда бейтаптардын абалы канааттандыраарлык.

Буга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаткан 5 бейтап кадимки палатага которулду.