Кытай тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунушту кабыл алды

Кытай тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунушту кабыл алды.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин  эки өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кытай тарап өтүнүчтү кабыл алды. Учурда “Эксимбанктан” биздин адистерге байланышып,

иштер башталды. Башка эл аралык уюмдардан алган карызды төлөө мөөнөтүн

жылдыруу боюнча да сүйлөшүүлөр Париж клубунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 3,7 миллиард доллар болсо,

анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет.