Ошто коронавирусту атайылап жуктургандар өз каражаттарына дарыланышат

Ошто коронавирусту атайылап жуктургандар өз каражаттарына дарыланышат.

Бул тууралуу Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты

Малик Нурдинов билдирет. Анын айтымында, тургундарга коменданттык

саат киргизиленден тартып тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,

эскертүүлөр берилип жатат. Ага карабай көчөдөгү кыймылдар азайган жок.

Айылдарда унаалар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Комендант эскерткендей, талаптарды

аткарбаган жарандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылып, 300 миң сомго чейин

айып салынат. Кайталанып эскертүү берилбейт. Белгилеп кетсек, 15-апрелге чейин

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Сузак, Кара-Суу

райондорунда өзгөчө абал киргизилди.