Кыргызстандын мамлекеттик карызы эгемен тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, июль айынын аягында мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү.
Анын көлөмү соңку айларда тездик менен өсүп жатат, — дешти ведомстводон.
Буга чейин 2018-жылы январда тышкы карыздын көлөмү эң жогорку чекке жетип 4 миллиард 139 миллион долларды түзгөн. Бирок Россия 240 миллион доллар насыясын кечкенине байланыштуу кайра бир аз азайган.