Бишкектин бюджетине 700 млн. сомдой киреше кирбей калды

Бишкек шаарынын бюджетине быйыл 700 миллион сомдой киреше кирбей калды. Бул тууралуу 16-ноябрда мэрияда өткөн жыйында айтылды.

Жергиликтүү бюджеттин кирешеси боюнча штабдын жыйыны вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы менен өтүп, ага бардык төрт райондун акимдери жана тийиштүү кызматтардын, башкармалыктардын башчылары катышты.

 

Мэриянын маалыматына караганда, январь-октябрь айларында баш калаанын бюджетине 7,6 миллиард сом түшөрү пландалган, иш жүзүндө 6,9 миллиард сом түшүп, план 91,3% аткарылды.

 

Салыктар боюнча карыз шаарда бүгүнкү күндө 813,7 миллион сомду түзөрү айтылды.

 

Транспорт салыгын чогултуу ишин жакшыртуу максатында ар бир райондо экиден көчмө топ түзүлүп, рейддер жүргүзүлмөй болду.

Шаар жетекчилиги 11 айдын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

 

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда март айында ишкерликтин көптөгөн түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Өкмөт аларга колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилип жатканын билдирүүдө. Ишкерлер өкмөт салыктан жана ижара акысынан бошотуу, жумушсуз калгандарга жөлөкпул төлөп берүү сыяктуу сунуштарын жана өтүнүчтөрүн кабыл албай, жардам жеңилдетилген насыя менен гана чектелгенин айтып жатышат.