Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 623 миллион рубль берет

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 623 миллион рубль берет.

Россиялык басылмалар билдиришкендей, макулдашуу өнөр-жай жана соода министри

Денис Мантуров жана каржы министри Улукбек Карымшаков ортосунда жетишилди.

Каражат товарларды индентификациялоого маркировка системасын киргизүү үчүн ыйгарылат.

Системаны түзүү мөөнөтү 18 ай. Эске салсак, Кыргызстан аталган

жардамды алуу боюнча 2019-жылы Россияга кайрылган.