Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды.
«Азаттык» билдиргендей, жергиликтүү 3 жарандан коронавирус
аныкталгандыктан Өсөр айылына кетчү жолдор жабылды.
Блок-посттор райондун башка айылдарына да коюлду.
Жөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди.
Белгилеп кетсек, такталган маалымат боюнча республикада 6 адам
вируска кабылды. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.
Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер.
Буга чейин Сузак районунда да өзгөчө кырдаал жарыяланган.