1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-августтан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт.

Бул үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет, — деди президент Садыр Жапаров.

Ал апрель айынан баштап билим берүү, медицина жана маданият тармагында иштегендердин маянасы көтөрүлгөнүн эске салды.

Жапаровдун айтымында, эмгек акыны жогорулатуу өлкөнүн жан башына эсептегенде орточо кирешесин эки эсе көбөйтөт.