Грэм Поттер «Челсинин» башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Англиялык Грэм Поттер «Челсинин» башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Аны менен келишим беш жылга түзүлдү.

Поттер буга чейинки немис машыктыруучу Томас Тухелдин ордуна келди.

Ал Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын биринчи турунда “Динамого” утулуп калгандан кийин кызматтан алынган.

Тухель өткөн жылдан бери команданы жетектеп, аны Чемпиондор Лигасы, УЕФАнын Суперкубогу жана Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткирди.