Килиан Мбаппе эч жакка кетпейт

Пари Сен-Жермендин чабуулчусу Килиан Мбаппе өзүнүн клубунда бактылуу экенин айтты.

Футболчу кышкы трансфер терезесинде эч жакка кетпейт.

Эске салсак, өткөн жумада прессада Килиан Мбаппенин клубдан кете тургандыгы боюнча маалымат тараган.

Чабуулчу француз чемпиону менен келишимди узартканына нааразы болгондугу, клуб өз милдеттенмелерин аткарбаганы айтылган.

Белгилеп кетсек, өткөн жайда Килиан Мбаппе париждиктер менен келишимин 2025-жылдын жайына чейин узарткан.

23 жаштагы франциялык футболчунун трансфер баасы болжол менен 200 миллион еврону түзөт.