Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунду сактап калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган

рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Жаңы рейтинг Токио Олимпиадасындагы

мелдештер жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Анда Тыныбекова күмүш медалга ээ болду.

Бирок ага карабай 78 упай менен лидерликтен түшкөн жок. Ал эми финалда жеңишке жеткен

атаандашы япониялык Юкако Каваи 68 упай менен экинчи сапка көтөрүлдү. Үчүнчүдө

44 эсеп менен украиналык Ирина Коляденко турат. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер

күрөшүнүн 62 килограмм салмак категориясында 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон

кийин рейтингде биринчи сапка чыккан. Ошондон бери лидерликти бербей келе жатат.