Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостун байлыгы рекорддук 180 миллиард долларга жетти

Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостун байлыгы рекорддук 180 миллиард долларга жетти. “Форбс” жазгандай, бул ага таандык “Амазон” компаниясынын акциялары кескин жогорулагандыгына байланыштуу.

 

Анын капитализациясы 1,5 триллион долларды түздү. Интернет аркылуу товар жана кызматтарды саткан “Амазон” компаниясы Джефф Безос тарабынан 1994-жылы негизделген.