Бишкек аймагына киргизилген Өзгөчө абалдын талабына ылайык шаарды курчай блок-посттор коюлду.
Алар даректери боюнча, Дэн Сяопин проспекти менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине,
Чоң Чүй каналынын Тоголок Молдо, Орозбеков, Абдрахманов, Осмонкул, Алматы, Калинин,
Жибек Жолу проспектилер менен кесилиштерине, Ауэзов жана Анкара, 7-апрель жана
Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулду. Мындан тышкары Чоң-Арык,
Орок жана Селекция айылдарында блок-посттор пайда болду.