Кыргыз бийлиги эки ири долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат

Кыргыз бийлиги эки ири долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул Камбар-Ата ГЭСинин жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу.

Чиновник ГЭС боюнча бардык курулуш жана даярдык иштери келерки жылы бүтөт деп ишенет.

Ал эми темир жолго келсек, апрель айында кытайлык адистер керектүү документтерди бериши керек.

Темир жолдун курулушуна үч миллиарддан беш миллиард долларга чейин каражат керектелет.

Камбар-Ата ГЭСинин баасы да болжол менен ушундай эле суммага бааланууда.