Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди.
Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө айдоочулардын жүрүм-турумуна, унаалардын кышка даярдыгына, жол эрежесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган троллейбус айдоочуларына жана салондо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус пайдаланбагандарга эскертүүлөр берилди.