Жеке менчик бала бакча же мектеп кургандарга муниципалдык аймак акысыз берилет

Бишкек жана Ош шаарларында жеке менчик бала бакча же мектеп курууну каалагандарга муниципалдык аймак акысыз берилет.

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, участоктор канализация, электр энергиясы жана суу менен камсыздалат.

Территория жерлерди инвентаризациялоо иштери аяктагандан кийин сынак аркылуу бериле турганы белгиленди.