Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу пландалууда

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу пландалууда.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна болгон жумуш сапарында белгилүү болду.

 

Ошондой эле “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо маселеси да талкууланып, эки өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, анын ичинде алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле айдоочу визаларды берүү зарылдыгы белгиленди.