Тажикстандын Гүлистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү

Тажикстандын Гүлистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү.

 

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жергиликтүү элдин өз ара талаш-тартыштарын алдын алуу, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

 

Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталып, бүгүнкү күндө анын 60 пайызга жакыны гана такталган. Ошол себептен кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар байма-бай катталып келет.