Кыргызстанда эми бала бакча иштетүү үчүн лицензия алуу шарт эмес

Кыргызстанда эми бала бакча иштетүү үчүн лицензия алуу шарт эмес. Мындай берене жакында эле күчүнө кирген  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында каралган. Ага ылайык, жеке бала бакча ачууда Өрт өчүрүү кызматы жана Санитардык көзөмөл инспекциясынан гана уруксат алуу керек.

 

Ал эми буга чейин 14 жерден документ чогултуу талап кылынган.

 

Бул өлкөдө бала бакчаларды көбөйтүүгө багытталат. Андан тышкары, менчик мектеп ачууда Билим берүү министрлиги менен уставды макулдашуу талабы жоюлду.