Акылбек Жапаров менен Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документке кол коюлду

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон иш сапарынын алкагында КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

1. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;

2. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;

 

3. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетилген почтаны илгерилетүүнү активдештирүү жөнүндөгү макулдашуу;

 

4. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндөгү макулдашуу;

5. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын курууда кызматташуу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;

6. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун долбоору.