Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 338 миллион 330 миң сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 338 миллион 330 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 1-декабрга карата каражаттын 148,5 миллион сому сарпталды. Бул эсеп элдин демилгеси менен ачылып, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которгон.

 

Эске салсак, 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.