Чүй облусунда 128 түйүндө жалпысынан 1,5 миңге жеткен стационардык орундар түзүлдү

Чүй облусунда 128 түйүндө жалпысынан 1,5 миңге жеткен стационардык орундар түзүлдү. Аларда ооруканага жатпай турган бейтаптар дарылана алат, — деп билдиришти Республикалык штабдан.

 

Аларда күн сайын 1 миң 300дөн ашык адам укол жана тамчылатма дары алууда. Бейтаптарды 191 медицина кызматкери тейлеп жатат. Учурга карата медициналык жайларды тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо жүрүүдө. Алсак, демөөрчүлөрдүн эсебинен Токмок жана Чуй облустук ооруканаларына 5 ИВЛ аппарат алынды.