Чек арадагы жаңжал чыккан аймакта абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары орноткон тосмо дубалдарды алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан 6 адам жабыркады.
Анын ичинде ИИМдин ички аскеринин бир кызматкерине жана Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийди. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жай тургун бар.