Оштун тургундары митингге чыгышты

Оштун тургундары митингге чыгышты.

Калаанын борбордук аянтында болжолдуу түрдө 500гө жакын адам турат.

Бул тууралуу novosti.kgге мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чогулгандар эки тараптуу пикирде. Биринчиси президентти колдосо,

экинчиси шайлоонун адилетсиз өткөнүн билдирип жатат. Буга карабай

чогулгандардын көбү элди бөлүнбөөгө чакырышууда. Анын ортосунда,

мэрияда Ош шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушту.

Анда калаа башчы Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү.