Ак үйдө чыккан өрт өчүрүлдү.
Бул тууралуу 24 агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жеринде өрт өчүрүүчүлөрдүн 3 бригадасы иштеди. Унаа шаты дагы тартылды.
Тилсиз жоодон жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эске салсак, 5-октябрь күнү
борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып,
андан соң күч органдары митингчилерди аянттан сүрүп чыгарган.
Бирок эл артка чегинбей акыры Ак үйдү алышты.