Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын карызын төлөөнү беш жылга узартат.
Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Аталган фонд 87 миң доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик тышкы карызды төлөөнү пайыздарды кошпостон 2027-жылга чейин узартат.
Кошумчаласак, чет элдик фонд “Мамлекеттик мектепти куруу” долбоорун ишке ашырууда дагы 30 миллион доллар жардам көрсөткөн.