Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айлары аралыгында 19 миң 498 нике катталды.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бардык никелердин 20%дан ашыгы Ош облусунда болгон.
Өлкөнүн региондорунда нике актыларын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй болгон:
— Бишкек шаары — 3 608 бирдик;
— Чүй облусу — 2 688 бирдик;
— Нарын облусу — 781 бирдик;
— Жалал-Абад облусу — 3 705 даана;
— Ош шаары — 954 бирдик;
— Ош облусу — 4 092 бирдик;
— Баткен облусу — 1 529 бирдик;
— Ысык-Көл облусу — 1403 даана;
— Талас облусу — 738 даана.