Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кичи ажылык уюштурууну баштады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра ибадатын (кичи ажылык) уюштурууну баштады.

Муфтияттан билдиришкендей, кичи ажылыкка баруунун баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.

 

«Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышы зарыл», — деп айтылат маалыматта.

 

Зыяратчылар төмөнкү телефон номерлер аркылуу толук маалымат ала алат: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.