Кыргызстанда көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик тескөө киргизилди.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Белгиленгенгендей, мындай чара көмүр баасынын өсүү темпин ооздуктоо, күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.