Жалал-Абадда үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

Жалал-Абад шаарында 1-ноябрдан тартып үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, баш калкалоочу жайда 15 орун даярдалып, эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Аталган түнөк үйгө кайрылган жарандарга 1 маал ысык тамак берилет.

 

«Түнөк үйү Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан бир топ жылдан бери уюштурулуп келет. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен жыл сайын акча каражаты бөлүнөт», — деп билдиришти муниципалитеттен.

 

Белгилей кетсек, баш калкалоочу жай Жалал-Абад шаарынын Курортный көчөсүндө (Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карамагындагы стадион) жайгашкан.