Кыргызстан санариптик кызматтарды өнүктүрүү үчүн 40 миллион доллар алышы ыктымал

Кыргызстан санариптик кызматтарды өнүктүрүү үчүн 40 миллион доллар алышы ыктымал.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Евразия турукташтыруу жана

өнүктүрүү фондунун долбоордук блогу каржылоо маселесин кароого даяр. Ведомстводон

белгилешкендей, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү – мамлекеттин приоритеттүү милдети,

андыктан бардык аракет кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн сапатын өстүрүүгө багытталат.