Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка караганда,

быйыл октябрда чет өлкөдөгү мигранттар республикага 252 миллион

доллар которушту. Бул сумма бир ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу

14,6 пайызга аз. Сентябрда өлкөгө 295 миллион доллар которулган.

Анын ортосунда акча которуулар 2020-жылдын октябрына караганда

11,5 пайызга көп. Анда чет мамлекеттеги кыргызстандыктар өлкөго

226 миллион доллар жөнөтүшкөн. Кошумчаласак, быйыл 10 айда

мекендештер Кыргызстанга 2 миллиард 284 миллион доллар которду.