Кыргызстан Тажикстан менен чек ара тилкелерин алмашуу суроосун караштырып баштады. Жумушчу топторго Баткен районунун Исфана шаары менен ортосундагы аралыгында алмашууга ылайыктуу варианттарды 1-мартка чейин тактоо тапшырмасы берилди.
Белгилеп кетсек, жер алмашуу кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу жолугушуунун алкагында жетишилген протоколдо белгиленген. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү чечими 10-январга караган түнү чыккан жаңжалдан кийин кабыл алынды.