Жогорку Кеңеш “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документ аймакка артыкчылыктарды берүүнү көздөйт. Аны министрлер кабинети демилгеледи.

 

Ага ылайык, өзгөчө макам жеке ишкерликке жакшы шарттарды түзүп, калктын иш менен камсыз болуусун камсыздап, өз учурунда чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар облусту өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды көтөрүштү.