Бириккен улуттар уюму Кыргызстанга 29 миллион доллар бөлөт.
Каражат айыл-чарба министрлигине берилет. Бул тууралуу айыл-чарба
министринин орун басары Нурлан Шерипбаев билдирди. Анын айтымында,
грант түрүндөгү акча айыл-чарба тармагына 7 жылга берилет. Алсак,
каражаттын берилиши менен 6 миң гектар токой аянттары пайда
болуп 650 миң гектар жайыт калыбына келтирилет.