Дүйнөлүк банк Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалдан улам азык-түлүк баасы 2024-жылдын аягына чейин жогорку деңгээлде кала турганын билдирди.
Бул 1970-жылдардан бери биз баштан өткөргөн эң ири товардык шок, — деди Дүйнөлүк банктын адилеттүү өсүш, каржы жана институттар боюнча вице-президенти Индермит Гилл.
Банк быйыл айыл чарба азыктарына жана металлдарга баалар дээрлик 20 пайызга жогорулайт деп күтүүдө.
Ал эми азык-түлүктүн баасы дээрлик 23 пайызга кымбаттайт деп болжолдошууда.