Кыргызстанда 15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-20-жылдарга салык декларациясын тапшырган эмес

Кыргызстанда 15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-20-жылдарга салык декларациясын тапшырган эмес. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1,5 миңдей чиновник кирешеси жана экономикалык ишкердүүлүгү жөнүндө отчетторду белгиленген убакыттан кийин тапшырган.

 

Материалдарды Салык кызматы юридикалык баа берүү максатында прокуратура органдарына тапшырды.