Ошто бүгүн башкы балатынын оту жандырылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, майрамдык кече кечки саат 7де башталат. Белгилеп кетсек, Оштун балатысы өлкөдөгү эң бийик болуп эсептелет – анын бийиктиги 31 метр.
Токой сулуусунун жанында 2022-жылдын символу болгон жолборстун чоң сөлөкөтү орнотулду.
Мэриядан белгилешкендей, жалпысынан Ош шаарын жаңы жылга карата жасалгалоого 2 миллион сомдой бөлүнгөн.