Мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски 50 жыл мурда коюлган рекордду жаңыртты

Мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски 50 жыл мурда коюлган рекордду жаңыртты. Футболчу Бундеслиганын 16-турунда өзгөчөлөнө алды. Оюн 5:0 эсебинде жыйынтыкталды. “Штутгарт” менен беттеште Левандовскинин жеке эсеби дубль менен толукталды.

 

Экинчи топ анын быйылкы 42-голу болуп калды. Мындай рекорд буга чейин “Бавариянын” чабуулчусу Герд Мюллерге таандык болчу. 42-голун Мюллер 1972-жылы киргизген.