Венгрия Кыргызстанга 50 миллион доллар насыя берет

Венгрия Кыргызстанга 50 миллион доллар насыя берет.

Бул тууралуу Будапештте президент Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын премьер-министри

Виктор Орбан менен жолугушуусунда айтылды. Расмий сапарынын алкагында бир катар

келишимдер менен Кыргыз-венгер өнүгүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Аталган фонд жыл аягына чейин иштеп баштары күтүлүүдө. Мындан тышкары, кош салыкты жоюу,

инвестицияларды коргоо, саламаттык сактоо, экономиканы санариптештирүү,

айыл чарбасы жана башка тармактардагы келишимдер да кабыл алынды.