Кыргызстан калкын каттоо 321 миллион сомго айланат

Кыргызстан калкын каттоо 321 миллион сомго айланат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоо бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева билдирди.

 

Анын айтымында, сумманын 90 пайызы каттоону өткөрө турган кызматкерлерге айлык төлөөгө жумшалат. Алардын саны 25 миңди түзөт. Ар бири болжол менен 7 миң сомдон алат.

 

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо былтыр жазда өтмөк, бирок пандемиядан улам процедура жылдырылган. Кампанияны үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.