Өкмөт Аксыда селден жабыркагандарга жардам берет.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды. Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду.
Дагы эки адам изделип жатат.