«Ала-Тоо» аянтындагы мыйзамсыз оюн түйүндөрү алынды

Бишкекте «Ала-Тоо» аянтындагы мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилер жана оюн түйүндөрү алынды.
Мэриядан билдиришкендей, Биринчи Май райондук администрациясынын, “Тазалыктын” жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кезектеги рейд өткөрүштү.

«Бул жолу 6 оюн-зоок курулмалары демонтаждалып, Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлдү. 1 кварталда 25 мыйзамсыз объект демонтаждалды«, — деп билдиришет мэриядан.